Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Татарстанга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
"Президент Жапаров "Келечек оюндары" эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт", - деп айтылат билдирүүдө.