Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 20-февралда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Документте кылмыш жоопкерчилиги боюнча берене алып салынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова бул пункт депутаттар менен коомчулуктун оюн эске алуу менен жазылганын белгилеген.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Бирок өткөн жумада Жогорку Кеңеш мындай жаза ашыктык кыларын айтып, кайра оңдоп-түзөөгө кайтарган.
Демилгечилер алгач жазаны 5 жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.