Кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-феввралындагы жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министрдин айтымында, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили боюнча тест бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо максатында киргизилген.
"Мыйзамды ишке ашыруунун биринчи этабында жогорку окуу жайга тапшырууда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшыруу сунушун киргиздик. Бул жерде эч кандай чектөө жок. Тесттин жыйынтыгы баланын жогорку окуу жайга, колледждерге жана кесиптик лицейге окууга өтүшүнө тоскоолдук болбойт. Азырынча бул сыноо катары колдонулат. Кийинки жаңы окуу жылынан тартып милдеттүү түрдө тапшырышат", - деди министр.
Эске салсак, буга чейин Билим берүү министрлиги өлкөдө мындан ары абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест берерин маалымдаган.