Эдил Байсалов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк маданияты жана мурасы фондунун жаңы президенти Актоты Райымкулова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов Актоты Райымкулованы Фонддун президентинин жогорку кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурасын сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү миссия жүктөлгөнүн белгиледи.

"Бул сиздин дайындалганыңыздан кийинки Кыргызстанга биринчи иш сапарыңыз жана мен сизге Фонд менен кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы мазмун менен толтуруу үчүн пайдубалды ийгиликтүү түптөөнү каалайм. Фонддун Улуу “Манас” эпосун кеңири жайылтуу аракети үчүн сонун китептерди басып чыгаруу, ошондой эле байыркы Ош шаарында өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун жетинчи фестивалына колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деди Байсалов.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов фонддун көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесин кеңири белгилөөгө кошкон салымын жогору баалап, фонддун Бишкекте жайгашкан акын Алыкул Осмоновдун үй-музейин реставрациялоо жана музейлештирүү долбоорун ишке ашыруу боюнча башталган даярдык иштерин белгиледи.

"Ал эми Актоты Райымкулова Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенттигине талапкерлиги колдоого алынганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк элдеринин материалдык эмес жана материалдык маданий мурастарын сактап калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда Актоты Райымкулова фонддун ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечекте пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан