Садыр Жапаров Казанда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-февралда Казань шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Владимир Путин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик өз нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.
"Орус президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Жапаров меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, "Келечек оюндары" турнирин ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. Ал аталган мультиспорттук мелдештин өзгөчөлүгүн жана анын дүйнө жүзүндөгү спорттун ушул түрүнүн күйөрмандарынын жүрөгүн багындыруу дараметин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров Путиндин 2023-жылдын октябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилеп, Орусияга ар дайым көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы Орусиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-орус мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан