Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарынын алкагында "Дуслык" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстандын эл аралык аброюн, Татарстан менен чет мамлекеттердин, Орусиянын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстандын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн "Дуслык" орденин ыйгарды", - деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, "Дуслык" орденин Кыргызстанга болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи.
"Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Орусиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын", - деди Жапаров.
"Дуслык" ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.