Президент Садыр Жапаровдун Орусияга 20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жапаров бүгүн, 22-февраль күнү таңга маал Бишкекке кайтып келди.
Мамлекет башчысы Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "Келечек оюндарынын" ачылышына катышты.
Мындан тышкары бул сапардын алкагында Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы болду.