Бишкекте фуранын айдоочусу 10 жаштагы кызды сүзүп кетип, каза болду. Айдоочу кармалды

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда 10 жаштагы окуучу кызды унаа сүзүп, жеринде каза болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.

Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн таңда болжолдуу саат 9:00 чамасында болгон. Кырсык катталган жерге тез жардам жана патрулдук милиция кызматкерлери келген. Тилекке каршы, кичинекей кыз тез жардам келгенче каза болгон.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кызды сүзүп кеткен айдоочу качып кеткен. Камерага түшүп калган видеодон Фуранын айдоочусу кызды тебелеп кеткенин көрүүгө болот.

Жүрөк үшүн алган бул окуядан көп өтпөй 27 жаштагы айдоочу Пригородное айылынан
ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан качууга аракет кылган учурда кармалган. Ал кызды байкабай калганын айткан.

Азыркы тапта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкери, издөө бөлүмү жана ыкчам тергөө тобу окуя катталган жерде иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан