Бүгүн мандатын тапшырган эки депутат шайланып келген округдарда кайра шайлоо өтөт

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев бүгүн, 22-февралда депутаттык мандатынан ажыратылганына байланыштуу бир мандаттуу №9 Кара-Суу жана №2 Баткен шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Матраимов менен Ражабалиевдин депутаттык мандатын алган. Эл өкүлдөрү мандатын тапшыруу боюнча өздөрү арыз жазганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Нурлан Ражабалиев бир мандаттуу Баткен округу боюнча, ал эми Искендер Матраимов Кара-Суу округу боюнча депутат болуп шайланып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан