Жо Байден Алексей Навальныйдын аялы жана кызы менен жолугушту

АКШнын президенти Жо Байден бейшемби күнү орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын жесири жана кызы менен жолугушту. Бул тууралуу "Голос Америки" басылмасы жазды.

Калифорниядагы жолугушууда АКШ президенти Навальныйдын буга чейин кылган ишине суктанарын айткан.

"Бүгүн мен Алексей Навальныйдын жакындары Юлия жана Даша менен жолугуп, алардын жакынынын кайгылуу өлүмүнө көңүл айттым. Алексейдин эрдигинин мурасы Юлия менен Дашада, ошондой эле бүткүл Орусияда демократия үчүн күрөшкөн сансыз элде жашай берет", - деп жарыялады Байдендин сзүн Ак Үй.

Байден АКШ жума күнү Навальныйдын өлүмүнө жооп катары Орусияга каршы масштабдуу жаңы санкцияларды жарыялай турганын бышыктады.

16-февралда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан