Орусияда киши өлтүргүч адвокат менен чаташтырып атып салган жаран каза болду

20-февралда Санкт-Петербургдагы гимназиянын жанында киши өлтүргүч тарабынан башына ок тийген жергиликтүү адвокаттын айдоочусу ооруканада өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу 112 телеграм каналы жазды.

Айдоочу адвокаттын балдарын мектепке алып келген. Ошол маалда арт жагынан белгисиз бирөө келип, аны башка атып салган. Окуя ондогон күбөлөрдүн көзүнчө болгон. Жабырлануучу тез арада ооруканага жаткырылган, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Ок аткан адам дагы деле табыла элек. Тергөөчүлөрдүн версияларына ылайык, киши өлтүргүч айдоочу менен адвокатты чаташтырып алган. Окуя болгон жерден Макаров тапанчасынын гильзасы табылган.

20-февралда Санкт-Петербургдагы Выборг шоссесинде жайгашкан №662 мектептин жанынан Өзбекстандын 42 жаштагы жаранына белгисиз адам келип, аны башка атып, кылмыш болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан