Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Орусиянын Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы консулдуктун округуна Татарстан, Башкортостан, Марий, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусу аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук округда жашаган Кыргыз жарандары Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук Казань шаары, Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дареги боюнча жайгашкан.

Телефон: +7 906 111 34 11

Email: kgconsulate.kazan@mfa.gov.kg

Жарандар күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09:00дөн 12:00гө чейин жана 13:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан