Президент "Маркумду узатуу" жөнүндө мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 28-декабрында кабыл алган. Аталган мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев баштаган депутаттар демилгелеген. Эл өкүлү көр үчүн жерлерди 40 миң сомго чейин саткан учурлар бар экенин айтып, мыйзам маркумду узатуу ишиндеги коррупциялык иштерге бөгөт коюу максатында иштелип чыкканын белгилеген.

Мыйзамдын максаты - сөөктү коюуну жүзөгө ашырууну, сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзамда сөөктү коюу жайын уюштуруу шарты жана сөөктү коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү; аны карап-күтүү жана көрктөндүрүү тартиби; сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга жана аларды пайдаланууга санитардык талаптар каралган.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагында ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу ушул мыйзамга ылайык сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.

Ошону менен бирге мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына Министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөрү белгиленген.

Арыз ээси Кыргызстанда жашаган жана иштегенин ырастоочу документтерди (адамдын өлгөндүгүн тастыктоо жөнүндө медициналык маалымкат) тапшырганда 3 жумушчу күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөк пул алууга укуктуу.

Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.

Сөөк коюлуучу жайды уюштуруу үчүн жер участогун тандоо курулуштарды жөнгө салуунун башкы пландарына жана схемаларына, шаар куруу документтерине, жердин гидрогеологиялык мүнөздөмөлөрүн, рельефинин өзгөчөлүктөрүн, топурагынын курамын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө чектеги жол берилүүчү экологиялык жүктөмдө эске алуу менен калктуу конуштарды жана аймактарды куруу эрежелерине ылайык, ошондой эле санитардык ченемдерге жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугуна жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык жүзөгө ашырылат.

Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан