Алексей Навальныйдын сөөгү туугандарына берилди

Орусияда абакта каза тапкан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апасы Людмила Навальная 24-февралда уулунун сөөгүн алды. Бул тууралуу маркум саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады.

"Алексейдин сөөгү апасына берилди. Биз менен чогуу ушуну талап кылгандардын баарына терең ыраазычылык. Азырынчы Людмила Ивановна Салехардда. Тажыя кийинчерээк болот. Алексейге татыктуу, анын үй-бүлөсү каалагандай тажыя өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылабы же жокпу, билбейбиз. Биз маалымат болор замат кабарлайбыз”,- деп жазды Ярмыш.

Буга чейин Кира Ярмыш тергөөчүлөр Навальныйдын апасын уулунун тажыясын жашыруун өткөрүүгө мажбурлап жатканын жарыялаган эле.

"Тергөөчү Алексейдин апасына телефон чалып, ультиматум койгон. Ал сөөктү үч сааттын ичинде эл чогултпай, жашыруун жерге берүүгө макул болот, же Алексей колонияга коюлат", - деп жазган ал жума күнү.

47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан