Стамбулда 24-февралда “Басылып алынган Палестина аймагында Израил башкаруусунун дезинформациялык ишмердүүлүгү, журналисттерге жана медиа уюмдарына кол салуулар” аталышында Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин маалымат министрлеринин кезексиз жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга 43 өлкөдөн 200гө жакын өкүл, анын ичинде 20 министр, байланыш жана медиа уюмдарынын жетекчилери катышты.
Түркиянын президенттик администрациясына караштуу Коммуникация башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун аталган жыйында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газада 2023-жылдын 7-октябрынан бери улантып жаткан аракети Жакынкы Чыгышка карата колониялык жана империалисттик көз караштын натыйжасы деп белгиледи. "Израилдин ойлонбостон жасап жаткан кадамдарынын негизги себеби – эл аралык системанын адилетсиздиги. Израил кылмыштарды жасап, бирок жазалана элек. Батыш дүйнө тартиби тарабынан кол тийбес абалга келди. Биз муну кабыл ала албайбыз", - деди ал.
Фахреттин Алтун БУУнун Коопсуздук кеңеши кыргындардын алдын ала албады, атүгүл ок атышпоо тууралуу чечим чыгара алган жок дейт. "Мыйзам бузууларга карабастан Израилдин эч кандай санкцияга кабылбашы - бул БУУнун Коопсуздук кеңеши вето укугунун жоопкерчиликсиз колдонулуп жаткандыгы. Учурдагы эл аралык кырдаал системанын айласы кеткенин көрсөтүп турат. Бул системаны кайра карап чыгуу керек", - деди Алтун.