Аида Исмаилова Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти менен жолугушту

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чанг Вон Сам менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, элчи Аида Исмаилова KOICA ишмердүүлүгүн жана өкүлчүлүктүн Кыргызстандагы ишин жогору баалады. Кыргызстан ӨРЖ чөйрөсүндө кызматташуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн катарына кирерин баса белгилеп, буга байланыштуу эки тараптуу кызматташуу үчүн долбоорлордун пакетин көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Ага ылайык, "Тоо беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча улуттук жол картасын бекитүү жана 2027-жылы Кыргызстанда биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады. Буга байланыштуу корей тарапты активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоого өз салымын кошууга чакырды.

"Ал эми Чанг Вон Сам Кыргызстандагы KOICAнын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, KOICA кызматташтыктын төмөнкү артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантат: айлана-чөйрө, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу жана саламаттыкты сактоо", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун аягында тараптар гранттык-техникалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында KOICA президентинин иш сапарын уюштурууну талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан