Бүгүн, 26-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, сыйлуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов тосуп алды.
Кошумчалангандай, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Нурланбек Шакиев менен Гомбожавын Занданшатар тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.