Бишкекте 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн фуранын айдоочусу 2 айга камакка алынды

Бишкекте 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн фуранын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечимди Свердлов райондук соту 24-февралда чыгарган.

Эске салсак, кырсык 22-февралда Аламүдүн-1 кичи районунда катталган. Анда окуучу кызды оор жүк ташуучу унаа тебелеп, ал тез жардам келгенче каза болгон.

Жүрөк үшүн алган бул окуядан көп өтпөй Пригородное айылынан фуранын 27 жаштагы айдоочусу кармалган. Айдоочу кызды байкабай калганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан