Бүгүн, 26-февралда Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө башчысы түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага бекем ден соолук, узун өмүр, ошондой эле мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын кадыр-баркы жогору экенин айтып, анын акылман, даанышман жетекчилиги астында Түркия эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, бардык тармакта чоң ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
Ошондой эле кыргыз-түрк бир туугандык мамиле мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенерин билдирди.
Лидерлер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашканы кошумчаланды.