Бүгүн, 27-февралда Монголиянын парламентинин (Улуу Мамлекеттик Хуралы) төрагасы Гомбожавын Занданшатардын Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач Гомбожавын Занданшатар баштаган монгол парламентинин делегациясы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл койду.
Аларды Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Улан Бакасов коштоп барды.