Шакиевге монголиялык кесиптеши Кыргызстан акыркы жылдары эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, өнүккөнүн айтты

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.

Нурланбек Шакиев кыргыз менен монгол калкын бүгүнкү экономикалык-социалдык кызматташтык гана байланыштырбастан, узак жылдарды камтыган көчмөн турмушка тиешелүү тарыхый-маданий алакалар жакындатып турарын белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштар тууралуу да кеп кылды.

"Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, текстиль жана тигүү тармагы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет", – деди Шакиев.

Мындан тышкары ал тарыхый жана маданий мурастарды өз ара изилдөө боюнча тажрыйбаны жигердүү ишке ашыруу демилгесин көтөрдү.

Өз кезегинде Гомбожавын Занданшатар жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол кызматташтыктыгына тиешелүү маселелерге токтолду.

"Өткөн жылы Бишкек-Улан-Батор аба каттамы ачылып, байланыштарыбыз дагы да кеңейди. Айрыкча туризм тармагындагы кызматташтыкка тиешелүү жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, туристтердин санынын өсүшүнө өбөлгө түзүлдү. Монгол эли Кыргызстандын кооз жаратылышын жана жер шарынын бермети болгон Ысык-Көлүңүздөрдү көрүүгө кызыкдар", – деди ал.

Муну менен катар өзү да мындан он жыл мурун Кыргызстанга келип кеткенин эске салып, "Акыркы жылдар аралыгында өлкөңүздөр эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, өнүккөнүн байкадым" деди.

Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылган монгол парламентинин төрагасы эки өлкөнүн студенттерин жогорку окуу жайларда билим алуусуна шарт түзүү демилгесин көтөрдү.

"Андан тышкары, соода байланышын да күчтөндүрүшүбүз керек. Азыркы соода жүгүртүүнүн көлөмү аз, талапка толук жооп бербейт. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу иштерди алып баруубуз зарыл. Биз Кыргызстанга эт продукцияларын жана сапаттуу жүндөн токулган кездеменин түрлөрүн экспорттоого даярбыз", – деди Занданшатар.

Сөзүнүн аягында Монголияда ушул жылы өтө турган "Транс-Алтай туруктуулук диалогу" аталышындагы форумга төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясын чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан