"Бишкекжашылчарба" жана "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда борбор калаанын мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, эки ишкана бириктирилип, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы түзүлдү. Аталган ишканага буга чейин "Бишкексуучарбаны" жетектеп келген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды.
"Учурда Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.