Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Испания өкмөт башчысы Педро Санчес менен жолугушту. Жолугушуудагы сүрөттү "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жарыялады.
"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын өкмөт башчысы П.Санчес менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бир катар маселелер талкууланып, ар дайым өз ара колдоолор тастыкталды. Мындан тышкары, Атамбаев дарылануунун жүрүшү жана алдыдагы процедуралар тууралуу айтты", - деп жазды Султанбеков.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 2023-жылдын февраль айында колониядан чыккандан кийин Испанияга дарыланууга учуп кеткен жана Кыргызстанга расмий түрдө келе элек.