SUPER.KG'ге “3 миллион сом айып моюнума илип койду” деген айдоочу эсиңиздеби? Маселе парламентте көтөрүлдү

Бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев "Тез жардам" унааларына айып пул көп келип жатканын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди.

"Тез жардам" унааларына айып пул салабызбы эми? Өкмөт өз позициясын билдирсин. Эгер айып пул сала бере турган болсо, анда башка бир жолун табалы. Мага атүгүл аймактардан бери кайрылып жатышат", - деди Түлөбаев.

Депутат Марлен Маматалиев бул маселени иликтеп көргөнүн айтып, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү керектигин билдирди. Анын айтымында, камерага унаанын мигалкасы да тартылбай, номуру гана түшкөндүктөн улам, Тез жардам унаасы экени билинбей калат.

Эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков Тез жардам унааларынын айдоочулары айып пул салынганы боюнча билдирүү келгенден кийин 10 күндүн ичинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына (ЖКККБ) барса, салынган айып пулду жоюп саларын айтып, айдоочулар өздөрү барбай жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов Тез жардамдын айдоочуларынын 10 күндүн ичинде ЖКККБнын комиссиясына кайрылышы керек деген жобо айдоочуларга ашыкча түйшүк экенин айтты.

"Экинчиден бул камеранын начардыгынан болуп жатат. Көчөгө коюлган камералар керек болсо, көк түстү ажырата албай жатат. Маселе ушунда", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына "Тез жардамдын" айдоочулары айлык маянасы аз болгону аз келгенсип, чалуу менен бараткандагы камерага түшкөн айып пулдарын өздөрү төлөп, төлөбөгөндөр пенсияга чыга албай жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле борборубузда калктын саны көбөйүп, ага "Тез жардам" унаалары жетишпей жатканын, буга себеп айлык маянанын аз экени, иштегенге шарттар түзүлбөгөнүн белгилешкен.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

Жогорку Кеңеш 28.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан