"Башкаларга сабак болсун". Депутат Алиев Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу демилгесин көтөрдү

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу демилгесин көтөрдү.

“2020-жылы парламенттик шайлоо ыплас өткөндүктөн революция болгон. Нааразылыктын чыгышына “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” партиялары негиз болгон.

Ошолордун дээрлик көпчүлүгү азыркы бийликти да курчап алып кошомат кылып, жоон топ болуп жүрөт. Муну эч ким тана албайт. Икрамжан Илмияновдун да аты аталып кетти. Башкаларга сабак болушу үчүн жазадан кутултпоо принциби болушу керек.

Өмүрүндө бир китеп окубаган адам ушул саясий элитаны түптөгөн. Парламентке “ушул өтөт, бул өтпөйт” деп чечип турган. Эмне үчүн ал байлыкты топтоп алып жыргап-куунап жашашы керек да, башкалар тоок уурдаса соттолуп кетет? Ага да саясий баа берилиши керек”, - деди Алиев.

Ал “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы, депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну талап кылгандан кийин сөз сүйлөдү. Түмөнбаев бул боюнча депутаттык комиссия түзүү сунуштады. Ага төраганын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев Жээнбековдон экс-президент макамын алуу боюнча фракциянын чечими керек экенин жана андан кийин комиссия түзүлө турганын айтты.

Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу катары таанылган Икрамжан Илмиянов анын кеңешчиси, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал 2018-жылы пара алууга шектелип кармалып, мамлекетке 10 миллион сом төлөгөн. Сот аны 5,5 жылга эркинен ажыратып, 160 миң сом айып салып, мүлкүн конфискациялаган. Учурда Илмиянов эркиндикте.

Жогорку Кеңеш 28.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан