"Мамлекеттик тил биринчи орунда". Парламентте кыргыз тили боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында майыптыгы бар балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн эч кандай шарт түзүлбөй жатканын депутат Дастан Бекешов айтып чыкты.

Ал өз сөзүндө майыптыгы бар окуучулар үчүн эч кандай адабият жок экенин, алар сынакты кантип тапшыра турганына кызыкты.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев окуу китептери бар экенин, аларды такыр жок айтуу туура эмес экенин билдирди.

Бекешев угуусу начарлар мектебине чогуу барып, ал жерде керектүү адабияттар жок экенине ынанууну сунуштады. Ал арада Осмоналиев майыптыгы барларга коюлган талаптар башкача болот деп жооп берди.

Эскерте кетсек, бүгүн парламентте "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө" токтомдун аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Анда эл өкүлү Сеид Атамбаев ага мамлекеттик кызматта иштеген орус улутундагы жаран кайрылып, кыргыз тилин такыр билбеген улуттун өкүлдөрүнүн укугу тебеленип жатканын айтты. Мындай жагдайдан улам ал эки өлкөнүн мамилесине зыян келбейби деп сурады.

Осмоналиев өз учурунда Кыргызстандын жараны болгондон кийин мамлекеттик тилди билүү мыйзам менен аныкталганын, аракет кылгандар 20-30 жылда эмес, эки-үч айда эле үйрөнүп жатканын белгиледи.

"Кептин баары сизге арызданган улуттун өкүлдөрүнүн аракетинде болуп жатат. 1-класстан 11-класска чейин орус, өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тили окутулуп жатат. Бирок кыргыз тилинде сүйлөбөй же сүйлөгүсү келбейби, ошондой абал болуп жатат.

Биз орус тилин биротоло жок кылып койгон жокпуз. Бирок мамлекеттик тил биринчи орунда деген статусу бар" , — деди Тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Парламент улуттук комиссиянын маалыматын эске алып, тиешелүү токтом долбоорун кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан