Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, ал бүгүн, 28-февралда 71 жашында көз жумду.

Эске салсак, Садырбаева 1952-жылдын 4-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында туулган. 1971-жылы ошол эле шаарда педагогикалык училищаны бүтүргөн. Мындан тышкары 1980-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1971-жылы №4 “Жаңы турмуш” орто мектебинде мугалимдиктен баштаган. 2010-жылы "Ата Мекен" саясий партиясы менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан