Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы элчиге былтыр ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз-британ мамилелеринин 30 жылдан ашык тарыхында биринчи жолу ушундай деңгээлде уюштурулган сапардын бай программасын канааттануу менен белгилегим келет. Менин сапарымдан кийин “Rotschild&Co”, “Franklin Templeton” сыяктуу атактуу британ компанияларынын Кыргызстанга келгендиги кубандырат, алардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды да өткөрдүм”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз учурунда Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер британ тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын күн тартибине кирген соода-экономикалык, инвестициялык жана тоо-кен тармагындагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан