Депутат Токтошев элди үйүндө жарык өчсө министрликти сотко берүүгө чакырды (видео)

Бүгүн, 29-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев акыркы убактарда электр жарыгын эскертүүсүз өчүрүү өнөкөткө айланганын айтып, жарандарды мындай учурда энергетиктерди сотко берүүгө чакырды.

"Электр энергиясы боюнча бардыгы жетиштүү деп айтышууда. Энергетика министрлигинин маалымат кызматы эл менен иштебейби? Эмнеге убагында маалымдабайт? Өчүрө турган болсо алдын-ала эскертип коюш керек. Болбосо жарандарга кайрылат элем, министрликти сотко бериңиздер, жөн эле утуп аласыздар. Себеби биздин келишим боюнча эскертүүсүз өчүрүп койсо, келтирилген чыгымды өндүрүп алууга укугуңуздар бар. Ошондо гана булар эсине келет окшойт”, - деди Токтошев.

Ошондой эле ал эгер техникалык себептер болсо, эл дагы алдын-ала камданып алуусу үчүн өчүрүүлөр тууралуу күн мурунтан кабардар кылууга чакырды.

Жогорку Кеңеш 29.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан