Бишкектеги көп кабаттуу үйдү милиция курчоого алды

Бүгүн, 1-мартта Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имаратына милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана мэриянын өкүлдөрү барышты. Бул маалымат тууралуу сүрөт, видеолор социалдык тармактарда таралууда.

Маалыматтар боюнча, учурда аталган чуулуу имараттын жашоочуларын чыгаруу иштери жүрүгүзүлүп жатат.

Бишкек мэриясы талаш жараткан бул имараттын жашоочуларына 1-мартка чейин чыгып кетүү эскертүүсү берилгенин тастыктады. Учурда имаратта жарык жана суу берүү өчүрүлгөн.

Эске салсак, бул көп кабаттуу турак-жайдын жашоочулары батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышып, бир нече жолу митингге чыгышкан.

Ага ылайык, ижарачылар батирлерди "Квартал строй" ишканасынан алышкан. Бирок имарат "Нур-Жаннат-ЛТД" компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлүп, ал бизнес борбор үчүн салынган. Бирок ижарачылар объектини турак-жай катары колдонуп келишүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан