Бишкекте өрттөнгөн BMW X7: Жол тандабаска жалын жанындагы унаадан өткөн (фото)

Бишкек шаарында эки унаадан өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:19да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 11:48де өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайда турган Mazda унаасынан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган BMW X7 үлгүсүндөгү унаага өткөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Учурда анын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан