Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 17-24-майда өткөрүлөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга өлкөнүн жарандарынан тышкары Орусиянын, Казакстандын, Беларустун жана Тажикстандын жарандары да катыша алышат.

"Тестирлөө мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мектеп программасынын алкагында гана жүргүзүлөт. Эч бир тапшырма бул чектен чыкпайт. Эгерде окуучу мектеп программасын жакшы өздөштүрсө, тестти ийгиликтүү тапшырат", - деди Чынара Батракеева.

Ошондой эле ал мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тестке дагы токтолду. Анда "Лексика", "Грамматика", "Окуу жана түшүнүү" сыяктуу бөлүмдөр каралган.

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы 200 сом болот. Ал эми негизги жана предметтик тесттердин баасы мурдагыдай эле - ар бирине 470 сомдон төлөнөт.

Мамлекеттик тил боюнча тест мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Буга чейин билим берүү министри билдиргендей, аталган тесттин жыйынтыгы ЖОЖдорго тапшырууда таасирин тийгизбейт.

Чет элдик абитуриенттер тестирлөө башталардан бир күн мурун каттоодон өтүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан