Бодибилдинг боюнча Дүйнө чемпиону өз унаасында өрттөнүп кете жаздады

Орусиянын мурдагы чемпиону, Рязань облусунун бодибилдинг федерациясынын президенти Ольга Богрунова күйүк алып Москвадагы ооруканага жаткырылганын SHOT Telegram каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-февралга караган түнү Москвада болгон. Анда бир аз спирт ичимдигин ичкен спортчу унаасына отуруп, чылым чеккен. Шамалдан улам чылымдагы чок чачына жабышып, андан ары өрттөнгөн.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматкерлери чакырылган. Денесинен 6 пайыз күйүк алган Ольга Богрунова Склифосовский атындагы илимий-изилдөө институтуна жаткырылган.

Ольга Богрунова - бодибилдинг боюнча Дүйнөнүн, Европанын жана Орусиянын абсолюттук чемпиону. Азыр ал Рязань облусунун бодибилдинг федерациясынын президенти болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан