Түрк мамлекеттер уюмунун президенттеринин саммити быйыл Кыргызстанда өтөт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев III Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, ТМУ катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле уюмдун алдыдагы пландары талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде ТМУ мамлекет башчыларынын кезектеги 11-саммитин өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын мурдагы саммитте айтылган демилгелерин ишке ашырууга басым жасашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын ТМУ алкагындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып барууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, быйыл Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан