Президент Садыр Жапаров “Улуттук банктан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Министрлер кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта президенттин администрациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам ушул жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы болгон Улуттук банктын кызыкчылыктарына каршы келип калышына жол бербөө үчүн кабыл алынганы белгиленди.
"Мыйзамда Министрлер кабинети Финансы министрлиги аркылуу «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84 миллион 770 миң 588 даана сандагы, «Керемет Банктын» Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин сатып алары каралган.
Министрлер кабинети аталган банкты Улуттук банктан 7 миллиард 126 миллион 432 миң сомго сатып алат", - деп айтылат маалыматта.