Депутат Надира Нарматова өлкөнүн Алматыдагы башкы консулу болушу мүмкүн

Надира Нарматова Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазышууда.

Маалыматтарга караганда, депутат айым өлкөнүн Алматыдагы (Казакстан) башкы консулу болушу мүмкүн. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жакынкы аралыкта аны бул кызматка дайындоо боюнча жарлыкка кол коюусу күтүлүүдө.

Учурда аталган кызматты Назарали Арипов 2021-жылдан бери аркалап келет.

Эске салсак, Нарматова 2010-жылы теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров болгон "Ата-Журт" партиясынан V чакырылыштын депутаты болуп шайланган. 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы аркылуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.

Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан