Баткенде Кыргызстан менен Тажикстан топографиялык жумушчу топтору жолугушту

Баткенде 25-февралдан 3-мартка чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышкан жана бул ишти Тажикстан аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

"Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан