Пакистанда Шахбаз Шариф кайрадан премьер-министр болуп шайланды

Пакистанда Шахбаз Шариф кайрадан премьер-министр болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

72 жаштагы Шахбаз Шарифти экинчи мөөнөткө өлкөнүн жаңы парламенти бекитти.

Добуш берүү кечээ, 3-мартта болгон. Ал 336 эл өкүлүнүн 201инин добушуна ээ болду. Анын ант берүү аземи бүгүн, 4-мартта өтөт.

Шариф Пакистан өкмөтүн 2022-жылдын апрелинен 2023-жылдын августуна чейин жетектеген. Анын мурдагы төрагасы, ошол кездеги "Адилеттик кыймылы" партиясынын төрагасы Имран Хан ишеним көрсөтпөө добушунун жыйынтыгында кызматтан алынган болчу.

Буга чейин 8-февралда аталган өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан