Караколдо "Charge fast" компаниясынын өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалды

Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип "Charge fast" компаниясынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Каракол ШИИБине бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында облус борборунда февраль айында “Charge fast” компаниясы ачылганын жана анын өкүлдөрү депозиттер боюнча үстөк пайызды жогорулатууну убада кылышканын билдиришкен. Ошондой эле арыз ээлери убадаларга ишенип, акчаларын бул компанияга салып, андан соң компания алардын акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алганын кошумчалаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Катталган арыздар боюнча материалдык чыгым 500 миң сомдон ашык сумманы түзгөн.

Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип "Charge fast" компаниясынын өкүлдөрү, Каракол шаарынын тургундары 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү аталган компаниянын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды шаардык милициянын тергөө кызматына кайрылууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан