Бишкекте каржы пирамидасынын уюштуруучуларынын бири кармалды

Бишкекте каржы пирамидасыныны эң негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 2-мартта Биринчи май РИИБине О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал "400 миң сомуңду эки эсе көбөйтүп беребиз" деген шылуундарга алданып калганын айткан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине (Финансы пирамидаларды уюштуруу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1976-жылы туулган С.О. жана 1995-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. С.О. аталган кылмыш схемасынын эң негизги уюштуруучуларынын бири катары кармалган.
Мындан тышкары бул кылмыш ишине байланыштуу Биринчи май РИИБине 100дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган.
Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан