Министрлер кабинетинин төрагасы жетекчиси Акылбек Жапаров БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров Кыргызстандын БУУӨП менен тыгыз өнөктөштүгүн жана уюмдун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча реформаларды жана программаларды колдоорун белгиледи.
Улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жана 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралитетине жетишүү милдеттемелери ырасталды.
"Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык аракеттери боюнча жана Кыргызстандын тышкы карызын жашыл демилгелерге алмаштыруу жөнүндө демилгелерин практикалык ишке ашыруу боюнча БУУӨП менен биргелешкен жана артыкчылыктуу иш-аракеттердин актуалдуулугун баса белгиледи.
Кыргызстанга айыл чарба, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарлык билдирилди", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, БУУӨП тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин улуттук жол картасын ишке ашырууга жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын Трасттык фондун түзүүгө активдүү катышууга чакырылды.
БУУӨП Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович өз кезегинде Кыргызстан тоо-кен тармагынын дүйнөлүк күн тартибинде лидерлигин, бул эл аралык аренадагы позитивдүү мисалдардын бири экенин белгиледи.
Ал өкмөттүн жакырчылыкты жоюу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын колдоо программаларын жогору баалады.
Ивана Живкович климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын Трасттык фондун түзүү боюнча БУУӨПтүн сунуштары тууралуу маалымат берди.
БУУӨП өкмөтүнө туруктуу өнүгүү максаттарына, климаттын өзгөрүшүнө, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана башка стратегиялык багыттарга жетишүүдө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги ырасталды.