Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева балдар ойноп жатып сууга түшүп кетип каза тапкан Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушундагы көлмө боюнча маселе көтөрдү
Эл өкүлү көлмөлөрдүн ээлери анын тегерегинде жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылууда кайдыгер болуп жатканын айтты.
“Көлмөлөрдүн ээлери качып жүрөбү же мамлекетти тоготпой жатабы? Мен бул боюнча УКМКга жана Башкы прокуратурага кайрылам, аларды таап, эл менен жолугуп, макулдашып, көлмөлөр боюнча бир чечим чыгарышы керек”, - деди Сурабалдиева.
Эске салсак, 2-мартта Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушунда эки бала сууга чөгүп каза тапкан. Көлмөдө беш жаш бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги маалым болгон. Алардын үчөөнү жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруучулар суудан 9-11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.
Жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу эмес экенин, көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге кайрылып, майнап чыкпаганын айтышкан.
26-январда Сокулук айылынын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда 3-класстын үч окуучусу ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Алардын сөөгүн ИИМдин жана ӨКМдин кызматкерлери таап чыккан.
Ага чейин 8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндөгү көлмөдө муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы ӨКМ кызматкерлери куткарууга үлгүргөн.