Украиналык бокс боюнча дүйнө чемпиону орусиялык мушкерди колдоого алды

Жеңил салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону, украиналык мушкер Александр Гвоздик Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда боло турган беттеште Бетербиевди колдоого аларын билдирди.

"Бул беттеште мен Бетербиевди колдойм. Ал мени жеңгени үчүн гана колдойм. Анын Биволду жеңүүсү менин резюмемди автоматтык түрдө жакшыртат. Ушундан улам гана. Менде Биволго же Бетербиевге жеке симпатия, же тескерисинче, кастык жок. Мага баары бир. Бул жерде бир гана спорт.

Бетербиев карып калды. Бирок, менимче, ал дагы эле күчтүү. Бул кызыктуу беттеш. Мен анын мүмкүнчүлүгү 50/50 деп ойлойм", - деген Гвоздик Vringe басылмасына берген маегинде.

Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосундагы жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамы үчүн беттеш 1-июнда Эр-Риядда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан