Швеция расмий түрдө НАТОго мүчө болуп кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен документке кол коюп, проктокол кечээ, 7-мартта күчүнө киргенин жар салды. Муну менен Швеция Түндүк атлантикалык альянстын 32-мүчөсү болуп калды.
Өлкөнүн желегин НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде көтөрүү аземи 11-мартта өтө турганы маалым болду.