Нигерияда террорчулар 200дөн ашык окуучуну барымтага алып алышты

Нигериянын түндүк-батышында куралчан адамдар мектепке кирип келип, 200дөн ашуун окуучуну барымтага алып алышты.

Маалыматка ылайык, Нигериядагы Курига айылында 232 мектеп окуучусу куралчан адамдар тарабынан барымтага алынган. Бул бир ай мурун директору өлтүрүлүп, анын аялы уурдалган мектеп.

Бул окуя Нигериянын чыгышында согушкерлер 117 аялды барымтага алганы тууралуу маалымат чыккандан эки күндөн кийин болду.

Кун үчүн уурдоо Нигериянын түндүгүндө адатка айланып, күнүмдүк жашоону бузуп, миңдеген балдардын мектепке баруусуна жолтоо болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан