"Башыбызды ийбейбиз". Жо Байден Владимир Путинге кайрылуу жасады

АКШнын президенти Жо Байден жылдык отчётун берип жатып орус лидери Владимир Путинге кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Байден Вашингтон Киевге аскердик жардам көрсөтүүнү уланта берерин айтты.

"Эгерде бул жерде кимдир бирөө Путин Украинага токтойт деп ойлосо, мен ишенимдүү айтам андай болбойт. Биз Украинаны колдоп, ага коргонуу үчүн керектүү куралдарды берсек, Украина Путинди токтото алат. Кептин баары ушунда.

Менин президент Путинге кайрылуум жөнөкөй, биз кетпейбиз. Башыбызды ийбейбиз", - деген Байден.

АКШ президенти америкалык аскерлер Украинада согушка катышпаганын жана ал дагы ушундай саясатты карманууну көздөп жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан