Атлантика океанында, Жаңы Англиянын жээгинде изилдөөчүлөр 200 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу боз китти көрүштү. Бул тууралуу маалымат New England Aquarium сайтында маалымдалды.
Изилдөө сайтынын кызматкерлери 1-мартта Нантека аралынан 48 чакырым түштүктөн, Атлантика океанынан боз китти көрүшкөн. Деңиз жаныбары тамактануу үчүн бир нече жолу сууга калкып чыккан. Кит 45 мүнөт абада байкалган.
Боз киттердин узундугу 15 метрге жетип, салмагы 41 тоннадан ашат. Бүгүнкү күндө алар Тынч океанда жашайт. Бул деңиз жаныбарлары акыркы жолу Атлантика океанынын батыш бөлүгүндө 18-кылымда байкалган.
Алар Атлантикага сейрек барышат, акыркы 15 жыл ичинде Жер Ортолук деңизине бир жолу баруу катталган. Окумуштуулардын айтымында, боз кит климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Атлантика океанынын сууларына кирген.