Газага учактан ташталган гумжардамдан кийин палестиналыктар каза болду

Газа тилкесинин үстүнөн учактар ​​таштаган гуманитардык жардамды ташыган бир нече парашют ачылбай калып, жерде жардам күтүп жаткан палестиналыктардын үстүнө кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, тез кулап түшкөн кутулар Шати качкындар лагеринде жана Газанын түндүгүндөгү Жала көчөсүндө гуманитардык жардам күткөн жарандардын үстүнө түшкөн. Окуянын кесепетинен, алдын ала маалыматтар боюнча, беш адам каза болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон.

Египет, БАЭ, Иордания, Катар, Оман жана Бахрейн өткөн аптадан бери Газа тилкесине абадан жардам жеткирүү үчүн биргелешкен операцияларды жүргүзүүдө.

Буга чейин гуманитардык жардамга жетүүнү каалаган палестиналыктар Газага абадан ташталган жардамдын бир бөлүгү деңизге түшкөндүктөн кыйынчылыкка дуушар болгон. Алардын айрымдары балык уулоочу чакан кайыктар менен деңизге чыгышса, кээ бирлери жүк кутуларына жетүү үчүн сүзүп барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан