Венгриянын башчысы дүйнөгө тынчтык орното ала турган адамдын ысымын атады

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дүйнөгө тынчтыкты орното турган лидерлердин бири. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Трамп менен жолугушуп чыккандан кийин ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бүгүн Дональд Трамп менен болгон жолугушуу абдан кубанычтуу болду. Бизге дүйнөдө урматталган жана тынчтыкты алып келе турган лидерлер керек. Трамп алардын бири! Кайра келип, бизге тынчтык алып келиңиз, урматтуу президент!”, - деп жазды Орбан.

Орбан Трамп жана анын кеңешчилеринин чакан тобу менен бүгүн, 9-мартта АКШнын мурдагы президентинин Флоридадагы жеке резиденциясында жолугушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан