Дүйнөнүн эң сулуу кызы ким экени аныкталды (фото)

Индиянын Мумбаи шаарында "Дүйнө сулуусу-2024" сынагы болуп өтүп, баш байгени Чехиянын өкүлү Кристина Пышкова багындырды.

Бул жылы Индияга 115 өлкөнүн сулуулары барып, дүйнөлүк сынакта өз өлкөлөрүн татыктуу түрдө көрсөтүштү. Бирок калыстар тобу чехиялык Кристина Пышкованы сынактын эң жаркын катышуучусу деп тапты. Ага таажыны “Дүйнө сулуусу-2023” сынагынын жеңүүчүсү, Польшадан келген Каролина Белявска тапшырды.

Кристина Чехиянын Тринец шаарында төрөлгөн. Учурда 24 жаштагы сулуу Прагада жашайт, ал жакта юридикалык билим алып, бизнести башкаруу боюнча адис болууга даярданууда.

Кыздын көптөгөн хоббилери бар, ошондой эле көп убактысын кайрымдуулукка жана ыктыярчуулукка арнайт. Ал буга чейин Танзанияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн мектеп ачууга катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан